Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Башкы адис, ж.б.
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана Мунициапалдык кызмат жөнүндөгү» мыйзамына ылайык Ноокен районундагы Момбеков айыл өкмөтү төмөндөгү муниципалдык бош кызматтык кызмат орундарын ээлөө үчүн сынак жарыялайт;

  1. Өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис 1 (бир) орун

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- техникалык, архитектура жана курулуш, гуманитардык, саламаттыкты сактоо, экономика жана башкаруу, радиотехника жана байланыш, өзгөчө кырдаалда коргонуу багытындагы жогорку билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

           - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы     

             же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Авариялык куткаруу кызматы жана куткаруучулардын статусу жөнүндө» мыйзамдары.

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу.

  • Функциялык милдеттер:

- Табигый  техногендик  жана башака  өзгөчө кырдаалдардын  алдын алуу  кесепеттерин  жоюу  боюнча иш чараларды  иштеп чыгууну , алардын аткарылышын камсыздоону  уюштурат.

- Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы  мекеме- ишканалардын менчигинин түрүүнө  карабастан  чарба  жүргүзүүчү  субьекттердин «Жарандык коргоо жана эвакуциялык» комиссияларынын уюштурулушун камсыздайт жана иштөөсүн көзөмөлдөйт.

- Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы  мекеме- ишканалардын  менчигинин түрүнө  карабастан чараба  жүргүзүүчү  субьекттердин  өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу кесепеттерин  жоюу  иштерине тийиштүү техникаларды  даярдоону  уюштурат жана көзөмөлдөйт.

- Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу , кесепеттерин жоюу  иштери  боюнча калка өз убагында  так маалыматы  жеткирилишин камсыздайт.

  1. Материалдык бухгалтер жетектөөчү адис кызматына 1 (бир) орун

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- Экономикалык жогорку билим же орто кесиптик билим.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт.

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» мыйзамы.

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.

Функциялык  милдеттер:

-Айыл Өкмөтүндөгү, маданият үйүндөгү, орто мектептердеги, балдар бакчалардагы негизги каражаттарды инвентаризациялайт

-Кайра бөлүштүрүү фондунун жана мелиоративдик даярдыктагы жерлердин ижара акысы, соц.фонд жана мамлекеттик салыктары боюнча отчет-учет иштерин жүргүзөт

-Мектеп, балдар бакчасындагы балдарга берилүүчү ысыктын тамактын отчет-учет иштерин алып барат.

  1. Бухгалтер-кассир жетектөөчү адис кызматына 1 (бир) орун

Сынакка  катышуу  үчүн  талап кылынуучу  иш кагаздар :  жеке арыз, кадрларды  эсепке алуу боюнча  өздүк баракча, 3 х4 өлчөмүндө 2 даана  сүрөт, паспорттун көчүрмөсү, билими  тууралуу документтин, эмгек  китепчесинин  көчүрмөлөрү

( нотариалдык  түрдө  же  иштеген  жериндеги  кызматкерлер менен  иш алып баруу  кызматы  тарабынан  күбөлөндүрүлгөн), өмүр  баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндөгү маалыматты көрсөтүү менен). 

Документтерди  кабыл алуу  жарыя  жалпыга  маалымдоо  каражаттарында  чыккан  күндөн баштап  10 жумушчу  күн  ичинде  төмөндөгү  дарек  боюнча  кабыл алынат Ноокен району, Момбеков айылы, К. Сейитканов көч. №54, Момбеков айыл Өкмөтүндө кабыл алынат. тел: (03734) 5-31-08, 0551-11-35-45.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-10-28 00:00:00
Дата аягы: 2019-11-12 00:00:00