Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Аскердик-эсепке алуу столунун инспектору
Талаптар:

Аскердик-эсепке алуу  столунун инспектору кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар  (1штаттык бирдик)

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, социалдык илимдер, гуманитардык илимдер, айыл чарбасы, техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жана  альтернативдик кызматты өтөө жөнүндө” Мыйзамын,

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

негизги функционалдык милдеттери:

Нускаманын  талаптарынын  негизинде аскерге  милдеттүүлөрдү аскердик каттоого алууга  жана  каттоодон чыгарууга

_аскерге  милдеттүүлөрдү  жана  аскерге  чакырылуучулардын алгачкы каттосун  жүргүзүүгө

Аскердик каттоодо турбаган аскерге милдеттүүлөрдү жана  эсепке алуудан өтпөгөн аскерге чакырылууга чейинкилерди аныктоого

Аскерге милдеттүүлөрдү жана  аскерге чакырылуучуларды аскер комиссариатынын  аларды чакыргандыгы жөнүндө  райондук аскер комиссариатынын  талабы боюнча  кабарлоого  жана алардын өз учурунда  келишине көмөктөшүүгө

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы,  резюме,  өмүр баяны (3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт);

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү  (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүү керек);

Талапкерлерден документтер массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Чаек  айылы, Т.Мураталиев көчөсү №69 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.  Кошумча маалымат алуу үчүн  0707424923

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-09-10 00:00:00
Дата аягы: 2019-09-23 00:00:00