Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жумгал районунун Чаек айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Жер, турак-жай муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы
Талаптар:

Жер, турак-жай муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар  боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу  квалификациялык талаптар (1штаттык бирдик)

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-тийиштүү багыттагы жогорку билим (геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, табият таануу илимдери, айыл чарбасы, автоматташтыруу жана башкаруу).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Жер кодексин, КР Турак-жай кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КРӨнүн 2011-жылдын 11-ноябрындагы №733 токтому менен бекитилген КР өзгөчө кырдаалдардын класификациясын, КР “Жарандык  коргонуу  жѳнүндѳ” Мыйзамдарын,.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

-негизги функционалдык милдеттери:

Турак –жай коммуналдык чарбанын  иштеши жана  аны өнүктүрүү  жана аймактарды ынгайлаштыруу  маселелери боюнча  маалыматтарды  чогултат жана  жалпылайт.

-Муниципалдык менчикти пайдаланууга жана тескөөгө байланыштуу маселелер боюнча жергиликтүү  кенештин жана айыл  өкмөтүнүн чечимдеринин  долбоорлорун  даярдайт жана алардын аткарылышын  контролдойт

-жергиликтүү коомдоштуктун муниципалдык менчигиндеги жолдордун имараттардын, курулмалардын абалдарын жана  пайдаланышын иликтейт, жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруунун  башчысына сунуштарды  даярдайт.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы,  резюме,  өмүр баяны (3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт);

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- Билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү  (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүү керек);

Талапкерлерден документтер массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде Чаек  айылы, Т.Мураталиев көчөсү №69 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет.  Кошумча маалымат алуу үчүн  0707424923

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-09-10 00:00:00
Дата аягы: 2019-09-23 00:00:00