Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана өзгөчө кырдаал боюнча жетектөөчү адис - 1 шт.б. (М-А)
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Ысык-Ата районунун Юрьевка  айыл өкмөтү төмөндөгү ваканттык административдик муниципалдык кызмат орунга конкурс жарыялайт:

жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана өзгөчө кырдаал боюнча жетектөөчү адис  - 1 шт.бирдик (М-А);

Административдик муниципалдык кызмат орундарына коюулуучу жалпы квалификациялык талаптар:

  • Кыргыз Республикасынын жараны,
  • 18 жаштан жогору,
  • соттолбогон.

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди,компьютердик программаларды билүүсү;

 

Билими боюнча: жерге жайгаштыруу жана геодезия, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, агрохомия жана агротопурак таануу, юриспруденция багыттагы жогорку же орто кесиптик билими,

Иш тажрыйба  боюнча: иш стажына талап коюлбайт,

Профессионалдык компетенциясы боюнча:

Билүүсү: Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобо.

Көндүмдөрү:

-жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбаны өз ишинде колдоно билүүсү.

-коллегалар менен натыйжалуу иш алып баруу.

-иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү.

Өнөрдүүлүк:

ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү жана иште колдонуу.

ишти жумуш убактысында туура бөлүштүрүү.

жетекчинин чечимдерин тез арада ишке ашыруу.

тийиштүү деңгээлде компьютердик программаларды билүүсү.

 

 

 

Функционалдык-кызматтык милдеттери:

Жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана өзгөчө кырдаал боюнча жетектөөчү адис:

- Айыл өкмөттүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүүнү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек  планын түзүү жана аткаруу;

- Жогорку органдардан  келген  иш кагаздарды аткарат, буйрук чыгарып, аткаруу жөнүндө маалымат даярдайт;

- Айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиянын катчысы, токтомдордун долбоорлорун иштеп чыгат;

- Айыл өкмөтүнүн буйруктарын, чечимдерин, айылдык кенештин  токтомдорун аткарууга алат.

- Убагында тийиштүү отчетторун берип турат;

- Жер маселеге тиешелүү жергиликтүү тургундарга чечимдерди даярдайт;

-  Үлүш жерлери бар жарандарга иш кагаздарды даярдайт.

- Тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктардын бардыгын аткарат.

 

Талап кылынуучу документтер:

-Конкурска катышуу жөнүндөгү арызы ваканттык орундун аталышын көрсөтүү менен;

-өздүк баракчасы;

-соттолбогондугу же соттолгондугун кошо көрсөтүү менен өмүр баяны;

-резюме;

-2 сүрөт(3х4см);

-паспортунун көчүрмөсү;

-нотариалдык  же персоналды башкаруу бөлүмү тарабынан күбөлөндүргөн  эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү;

Паспорту конкурска келгенде көрсөтүлөт.

Документтер конкурс жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде төмөнкү даректе айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тарабынан кабыл алынат : Юрьевка  айыл өкмөтү, Юрьевка айылы, Советская көчөсү № 136, сурап билүү телефону: 0700396707.

    

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-09-03 00:00:00
Дата аягы: 2019-09-16 00:00:00