Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Тогуз-Торо райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: Башкы инспектору
Талаптар:
  1. Кесиптик билим денгээли:

-     жогорку ветеринардык билим.

  1. Иш стажы:
  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
  1. Квалификациялык талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” Кодекси;

Кыргыз Республикасынын “Ветеринария жөнүндө”, “Жаныбарларды идентификациялоо”, “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамдары;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.12.2014-жылдагы № 694 “Жаныбарларды идентификациялоо Эрежелерин бекитүү жөнүндө”; 29.01.2018-жылдагы № 56 “Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”; 18.02.2012-жылдагы №108 “Ишкердикти жүргүзүүдө тобокелчиликтин даражасынын критерийлерин баалоонун бекитүү жөнүндө”; 29.12.2016-жылдагы № 706 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө Жобону”; 01.03.2017-жылдагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө токтомдору

  1. Функционалдык милдеттер:
  • айыл-өкмөтүнүн ветеринардык адистерин, ветеринардык сервистердин иштерин текшерет;
  • жеке ветеринарларга, ветеринардык клиникаларга, аптекалык пунктарга көзөмөл жүргузөт;
  • экспорт жана импорт болгон ветеринардык контролго тиешелүү жүктөрдүн ветеринардык-санитардык талаптарын сакталышын контролдойт;
  • ветеринадык объектерге тоскоолдуксуз кирип, изилдейт;
  • жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдардан, жеке ишкерлерден, жана юридикалык жактардан жаныбарлардын оорулар келип чыгуу себебин жана эпизоотиялык абалды аныктоо үчүн маалымат алат.
  • Ветеринардык талаптарды бузган кызмат жана физикалык жактарга айып санкция чыгаруучу административдик комиссияга жөнөтүү үчүн пртокол (акт) түзөт.
  • Изилдөөнүн жана ВСЭнин жыйынтыгында коркунучтуу болгон жаныбарлардан алынуучу тамак-аш продуктылар, тоюттар,тоют кошулмалары, ветеринардык профилактикалык жана дарылык каражаттарды өндүрүүнү жана сатууну токтотот жана тыюу салат.
  • Ветеринардык санитардык иш чараларды жүргузүүдө, ветеринардык санитардык талаптардын бузууларын жоюу максатында тескеме берет.
  • Мамлекеттик кызматтын этикалык эрежелерин сактайт.
  1. Талап кылынуучу документтер: жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, сүрөт; паспорттун көчүрмөсү; керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 

  1. Документтерди кабыл алуу жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан кийин  10 жумуш  кундун төмөнкү дарек боюнча жургузулот:

Казарман айылы, Т. Кожалиев кочосу № 110, Тогуз-Торо райондук ветеринардык жана  фитосанитардык  коопсуздук  боюнча  башкармалыгы

Кошумча маалыматтарды алуу үчүн (03738) 5-00-13 телефонуна чалсаныздар болот.

 

 

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-08-19 00:00:00
Дата аягы: 2019-08-30 00:00:00