Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгы
Бөлүм:
Кызмат орду: Каракол шаардык СПКБнүн сот приставы
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгы төмөнкү бош ваканттык мамлекеттик, административдик кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт:

Улук кызмат орду, категориясы (С-Б):

-Каракол шаардык СПКБнүн сот приставы – 1 штаттык бирдик.

Коюлган квалификациялык талаптар:

  • кесиптик билим деңгээли:

            - юридикалык багыттагы жогорку билими;

2) иш стажы жана тажырыйбасы:

-мамлекеттик же/жана муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы же 3 жылдан кем эмес тиешелүү профессионалдык чөйрөдө иш тажрыйбасы;

3) кесиптик компетенттүлүгү: 

КРнын «Сот приставдар жөнүндө», «Соттук аткаруучулардын статусу тууралуу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө», «Курал жөнүндө» Мыйзамдарын билүүсү зарыл;

Баардык функционалдык-кызматтык милдеттери:

-маалымат топто, анализдөө систематизациялоо жана жалпылоо;

-аналитикалык документтерди даярдоо,

-мамлекеттик жана чет өлкөлөрдүн иштерин анализдөө жана практикада колдонуу,

-кызматкерлер менен эффективдүү иштеше билүү,

-иштиктүү кат алышуу,

-жаңы жумуш шарттарына көнүшө билүү ж.б.

          Талап кылынуучу документтер: Конкурска катышуу жөнүндөгү арызы, өздүк баракчасы, өмүр баяны (соттолбогондугун же соттолгондугун көргөзү керек), 4х6 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт, резюме, паспортунун көчүрмөсү (паспорту конкурска келгенде көрсөтүлөт), нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү, психикалык жана наркология борборунан маалымдама.

Сот приставдары үчүн: аскердик билет же башка аскердик даярдык өткөндүгү тууралуу документтеринин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн),(бул талап аялдарга тиешелүү эмес), аскердик комиссиянын (АДК) жыйынтыгы.

АДК-ны сынактын баардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн талапкерлер жолдомо алышат.

Документтерди толук тапшырбаган жана квалификациалык талаптарга жооп бербеген талапкерлер сынактын кийинки этабына киргизилбейт.

          Талапкерлердин документтери скорошивательге тиркелген түрдө, жарыя “Ысык-Көл кабарлары” гезитинин бетине чыккан күндөн баштап 10 иш күн өткөнгө чейин саат 8.30 дан 17.30 га чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ысык-Көл областтык башкармалыгында Каракол шаары, Кыштобаева көчөсү 70 даареги боюнча кабыл алынат, тел. 5-65-06, 0550 09-11-55.

       Конкурска катышууга жолдомо алган талапкерлерге конкурстун өтүлүүчү убактысы жана орду тууралуу кошумча кабар берилет.

       Сынак тууралуу тереңирек маалыматты КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын www.mkk.gov.kg сайтынан жана КРнын Жогоку сотуна караштуу Сот департаментинин www.suddep.sot.kg сайтынан ала аласыздар.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-25 00:00:00
Дата аягы: 2019-08-07 00:00:00