Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Түп райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Экономика секторунун башчысы
Талаптар:

 Администрациянын улук топтогу административдик экономика секторунун башчысы   кызмат оруну боюнча бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык  кызмат  ордуна катышуучу талапкерлерге төмөндөгүдөй квалификациялык талаптар коюлган:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер,  экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар) ;

 

- иш стажысы жалпысынан  1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү  тармактык  багыты боюнча тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү  3 жылдан кем эмес иш стажы.

Улук  топтогу административдик мамлекеттик кызмат орунга тѳмѳндѳгү квалификациялык талаптар белгиленет:

 

Кесиптик компетенттүүлүгү:

Төмөнкүлөрдү билүү:

  • Кыргыз Республикасынын жалпы  мыйзамдарын жана  тиешелүү тармактагы  мыйзамдарды  билүү:
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык  зоналар жөнүндө” Мыйзамдарын билүүсү зарыл.
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же  расмий  тилдерди билүү;

билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

            аналитикалык документтерди даярдоо;

            тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик  жана чет өлкөлүк  тажрыйбаны талдап жана практикада колдонуу;

  • кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
  • иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • эмгектин жаны шарттарына көнүү.

көндүмдөрү:

  • ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
  • ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүү;
  • башкауучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын,  зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
  • Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:
  • Конкурсттук комиссиянын төрагасынын атына  арыз, кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк барагы сүрөтү менен , өмүр баян, резюме, жогорку билими жөнүндө дипломдун, эмгек китепчесинин көчүрмөсу нотариус аркылуу бекитилген, соттолбогондугу жөнүндө маалымдама, паспорттун көчүрмөсү.
  • Талапкерлердин документтери жарыя чыккан күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алынат. Байланыш тел: (03945) 2-43-70
Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-25 00:00:00
Дата аягы: 2019-08-07 00:00:00