Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ала-Бука райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыг
Бөлүм: Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмү
Кызмат орду: Жетектөөчү адис (М-А) 1 (бир) орун
Талаптар:

Квалификациялык талаптар:

1.Кесиптик билими:

-жогорку билим (гуманитардык, экономикалык, юридикалык, техникалык же социалдык);

  1. Стаж жана адистик боюнча иш тажрыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт;

  1. Милдеттери:

Кыргыз Республикасынын нормативдик актыларын билүү:

-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: №182 “Эл аралык эмгектенүү мекемесинде балдардын эң төмөн түрдө иштөөсүн жок кылуу жана тыюу салуу боюнча ратификация жана конвенсиялар”, 1993-жылы 29-майда “Гаагада кабыл алынган балдарды коргоо боюнча эл аралык бала багууда кызматташуудагы ратификациялар жөнүндө конвенсиялар”,

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому: 2010-жылдын 2-мартындагы  № 125 токтому  “Ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар жөнүндө мамлекеттик маалыматтар банкын түзүү жана пайдалануу тартиби тууралуу”;

-жаамат менен иш алып баруу, иш – кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде туура жана так аткаруу, чыр–чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу, жарандардын кайрылуусуна туура жана өз убагында жооп берүү жана кесиптик этиканы сактоо;

  1. Сынака катышуу үчүн документтер:

- бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз (байланыш телефон номери менен);

-кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

-резюме, сунуш каттар, өмүр баян, соттолбогондугу жөнүндө маалымат;

-медициналык тактама(ф-086);

-билими жөнүндө квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы  жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, эмгек китепчесинин, паспорттун жана аскер билетинин көчүрмөлөрү(эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүү зарыл).

Документтерди кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккан күндөн тартып 10(он) жумуш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.

 Дареги: Ала –Бука айыл аймагы Ала –Бука айылы М.Мамырбеков көчөсү – 42,

тел.: (03741) 5-01-07 .

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-08-15 00:00:00
Дата аягы: 2019-08-28 00:00:00