Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Суу району Эӊилчек айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Маалымат технологиялар боюнча адис
Талаптар:

Маалымат технологиялар   боюнча адис  кызмат ордуна  коюлуучу квалификациялык талаптар:

 1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик   билим же тийиштүү багыттагы  орто кесиптик билим (физика–математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият таануу, гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү, маданият жана искусство, экономика жана башкаруу, тейлөө сферасы, айыл чарба, транспорттук технология жана техника, автоматаштыруу жана башкаруу, эсептөө техникасы жана инновациялык технологиялар)

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды

  • КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө” Мыйзамын.

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/ же расмий тилдерди;

- билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

- кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

- командада иштөө;

Функционалдык милдеттери:

Айыл өкмөтүнүн маалымат  ресурстарын түзүү, тейлөө, маалыматтык   ресурстар жана технологиялар тармагын жөнгө салуу, системалардын жана тармактардын коопсуздугун жана корголушун камсыз кылуу, заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен документтер менен иштөө системасын оркүндотүү. Айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жооптуу катчынын башка тапшырмаларын аткаруу.

 

  Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрлардын каттоо баракчасы;

- 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;

- Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт)

- жогорку билиминин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек);

- эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

 

Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде  Эӊилчек айыл өкмөтү  Эӊилчек айылы  Кыдыр-Аке көчөсү №27 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефонго кайрылыныздар:                    0707767439

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-23 00:00:00
Дата аягы: 2019-08-05 00:00:00