Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Ак-Чий айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: Финансы-экономикалык бөлүмдүн башчысы, мал чарбачылык жана ветеринария боюнча башкы адис
Талаптар:

Ак-Талаа   районунун  Ак-Чий  айыл  аймагынын  айыл өкмөтү “КР Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык  төмөндөгү административдик муниципалдык кызмат ордуна сынак жарыялайт.

Ак-Чий  айыл  ѳкмѳтүнүн  бѳлүм  башчы  (финансы-экономика боюнча) кызмат  ордуна  коюлуучу  квалфикациялык  талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:            

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Бюджеттик кодексин, КР Салык кодексин, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КР “Бейсалымдык төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамын, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобосун, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131КР мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин балоо жана эмгек акы төлөөнүн шартары жөнүндө токтомун.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Ак-Чий  айыл өкмөтүнүн мал чарбачылык жана ветеринария маселелери боюнча башкы адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (айыл чарбасы).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Ветеринария жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарбасын өнүктүрүү” Мыйзамын, КР “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамын, КР “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

- билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (соттолгондугу же сотолбогондугу жөнүндө маалымат камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

Документтер Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылы Ч.Секиев көчөсү №40 дарегинде Ак-Чий айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин  кабыл алынат. Толук маалымат www.mkk.gov.kg сайтында. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 0707713161, 0702380330.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-16 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-29 00:00:00