Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөтү
Кызмат орду: башкы адис-башкы бухгалтер
Талаптар:

Ак-Талаа  районунун  Баетов   айыл  өкмөтү  КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык  төмөндөгү муниципалдык административдик ваканттык кызмат ордуна  сынак жарыялайт.

Баетов   айыл  ѳкмѳтүнүн  башкы адис-башкы бухгалтер кызмат  ордуна  коюлуучу  квалифкациялык   талаптар

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку билим (экономика жана башкаруу).

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын, КР Бюджеттик кодексин, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген КР мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө жобосун, КР Салык кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КРӨнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 КР мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин балоо жана эмгек акы төлөөнүн шартары жөнүндө токтомун, КР “Бейсалымдык төлөмдөр жөнүндө” Мыйзамын

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (сотолгондугу же сотолбогондугу жөнүндө маалыматты камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун көчүрмөсү (нотариустан

күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтерди  кабыл  алуу  жарыя  чыккандан баштап 10 жумушчу күнгө чейин Ак-Талаа районунун  Баетов  айыл өкмөтүндө дареги:  Баетов  айылы, Султаналиев Акай  көчөсү №52 кабыл алынат. Сурап билүү телефондору: 03537 92-3-57, 92-5-12

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-16 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-29 00:00:00