Вакансиялар Чүй облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ысык-Ата районунун Юрьевка айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: Каржы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы -1 шт.бирд. (У-А) ж.б....
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Ысык-Ата районунун Юрьевка  айыл өкмөтү төмөндөгү ваканттык административдик муниципалдык кызмат орунга конкурс жарыялайт:

1. Каржы – экономикалык бөлүмүнүн башчысы -1 шт.бирдик

2. Жерге жайгаштыруу, айыл чарбажана озгочо кырдаал боюнча адис - 1 шт.бирдик.

Муниципалдык кызматчыларга коюулуучу жалпы талаптар:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналууга;

2) соттуулугу болбоого;

3) муниципалдык кызмат үчүн - 18 жаштан жаш болбоого;

 

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылуусун кароо тартиби жөнүндө” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы;

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

    • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
    • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” жөнүндө мыйзамы;
    • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.
  1. Каржы- экономикалык бөлүмүнүн башчысы:

Билими боюнча:  Каржы, экономика жана салык багытындагы  жогорку кесиптик билими,

Иш тажрыйба  боюнча: 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык иш тажрыйбасы, же болбосо 3 жылдык кесиптик иш тажрыйбасы,

Профессионалдык компетенциясы боюнча:

Билүүсү зарыл:

зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди, компьютердик программаларды билүүсү;

Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1- мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө” жана 2017-жылдын 6-январындагы № 8 “Иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага үстөк акыларды төлөө үчүн мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажын эсептөө тартиби жөнүндө жобонуу бекитүү тууралуу” мыйзамдарды.

Көндүмдөрү:

-маалыматтарды чогултуп,анализдеп, систематизациялоону билүү.

-жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбаны өз ишинде колдоно билүүсү.

-коллегалар менен натыйжалуу иш алып баруу.

-иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү.

-иштеги жаңы жагдайларга көнүп кетүү

Өнөрдүүлүк:

ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү жана иште колдонуу.

ишти жумуш убактысында туура бөлүштүрүү.

жетекчинин чечимдерин тез арада ишке ашыруу.

тийиштүү деңгээлде компьютердик программаларды билүүсү.

 

Каржы- экоомикалык бөлүмүнүн башчысынын функционалдык-кызматтык милдеттери:

-Айыл өкмөттүн социалдык-экономикалык планын түзүү жана аткаруу;

-Айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетин финансы жылга киреше жана чыгаша бөлүмдөрүн социалдык-экономикалык өнүгүү планыны жараша түзүү;

Бухгалтердик эсеп боюнча отчетторду түзүү;

Жергиликтүү бюджеттин аткарылуусун көзөмөлдөө (киреше бөлүмү)

Мамлекеттик сатып алуу боюнча бардык тийиштүү иш-чараларды аткарат, конкурстук комиссияга жардам көрсөтөт, тийиштүү отчетторун берет.

Финансы-экономикалык бөлүмдүн кызматкерлеринин ишине көзөмөл жүргүзөт.

кийинки жылга жана келерки жылдарга бюджеттин киреше- чыгаша бөлүктөрүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана мыйзамга ылайык түзөт.

айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүн толуктоо боюнча иш алып барат.

айыл өкмөтүнүн буйруктарын, чечимдерин, Айылдык Кенештин  токтомдорун аткарууга алат.

Айылдык Кенешке керек болгон учурларда финансы боюнча түшүндүрүүлөрүн берет

Жогорку органдарга, айылдык Кенешке бюджеттин киреше-чыгаша бөлүктөрү боюнча тийиштүү маалыматтарын берет.

Убагында тийиштүү отчетторун берип турат.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык иш-чара планын даярдап, аны макулдаштырып, иш-чара план боюнча тийиштүү мекемеге билдирүү берип турат.

Тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктардын бардыгын аткарат.

  • Айыл өкмөтүнүн финансы боюнча буйруктарынын проектисин дайындайт, айылдык Кенешке финансы,бюджет боюнча токтомдордун проектилерин дайындап берет.
  • Мамлекеттик сатып алуу боюнча иштердин мыйзам чегинде жүрүп жаткандыгына көзөмөл жүргүзөт.

2. Жерге жайгаштыруу, айыл чарбажана озгочо кырдаал боюнча адис - 1 шт.бирдик.

Билими боюнча: жерге жайгаштыруу жана геодезия, архитектура жана курулуш, топурак таануу, картография, агрономия, агрохомия жана агротопурак таануу, юриспруденция багыттагы жогорку же орто кесиптик билими,

Иш тажрыйба  боюнча: иш стажына талап коюлбайт,

Профессионалдык компетенциясы боюнча:

Билүүсү: Кыргыз Республикасынын Жер кодекси, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамы, “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү жобо.

Көндүмдөрү:

-жергиликтүү жана чет элдик тажрыйбаны өз ишинде колдоно билүүсү.

-коллегалар менен натыйжалуу иш алып баруу.

-иш боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билүү.

Өнөрдүүлүк:

ченемдик укуктук актылар менен иштөөнү жана иште колдонуу.

ишти жумуш убактысында туура бөлүштүрүү.

жетекчинин чечимдерин тез арада ишке ашыруу.

тийиштүү деңгээлде компьютердик программаларды билүүсү.

 

Функционалдык-кызматтык милдеттери:

Жерге жайгаштыруу, айыл чарба жана өзгөчө кырдаал боюнча жетектөөчү адис:

- Айыл өкмөттүн айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүүнү фондунун жерлерин пайдалануунун келечек  планын түзүү жана аткаруу;

- Жогорку органдардан  келген  иш кагаздарды аткарат, буйрук чыгарып, аткаруу жөнүндө маалымат даярдайт;

- Айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссиянын катчысы, токтомдордун долбоорлорун иштеп чыгат;

- Айыл өкмөтүнүн буйруктарын, чечимдерин, айылдык кенештин  токтомдорун аткарууга алат.

- Убагында тийиштүү отчетторун берип турат;

- Жер маселеге тиешелүү жергиликтүү тургундарга чечимдерди даярдайт;

-  Үлүш жерлери бар жарандарга иш кагаздарды даярдайт.

- Тийиштүү мамлекеттик ыйгарым укуктардын бардыгын аткарат.

  

Талап кылынуучу документтер: Конкурска катышуу жөнүндөгү арызы, өздүк баракчасы, өмүр баяны, 2 сүрөт(4х6см), паспортунун көчүрмөсү, күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин жана билими жөнүндөгү документтеринин көчүрмөсү. Паспорту конкурска келгенде көрсөтүлөт.

            Документтер конкурс жарыяланган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде төмөнкү даректе айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тарабынан кабыл алынат : Юрьевка  айыл өкмөтү, Юрьевка айылы, Советская көчөсү № 136, сурап билүү телефону: 0700396707.

 

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-07-16 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-29 00:00:00