Вакансиялар Мамлекеттик органдардын
борбордук аппаратында

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти
Бөлүм: Өндүрүштү пландоо бөлүмү (см.далее)
Кызмат орду: Жетектөөчү адиси (см.далее) всего 2 ед.
Талаптар:

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык төмөнкү административдик кызмат ордуна кабыл алууга ачык сынак жарыялайт:

 

Административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн тесттик тапшырмаларды (негизги тест) түзүүдө колдонулган ченемдик укуктук актылардын жана документтердин тизмеси:

 Административдик мамлекеттик кенже кызмат орундары үчүн:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңешинин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

- Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- Компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

  1. Өндүрүштү пландоо бөлүмү

Жетектөөчү адиси (К-А) – 1 бирдик:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш;

-“инжинирингтик тейлөө” профессионалдык иш-аракетин аткаруу үчүн укук берилген мамлекеттик сертификаты (артыкчылык берилет).

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы: - иш стажына талап коюлбайт.
  2. Төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдарын;  - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №130 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти жөнүндө жобосун”; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016- жылдын 18-майындагы №4-нпа  буйругу менен бекитилген “Курулуштун нормалары жана шарттары” МДС 81-01-2015  (СНиП, ГОСТ).

Функционалдык милдеттери:

- белгинген тартипте курулуш иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүү;            

- мамлекеттик Экологиялык жана техникалык инспекция, Эсептөө палатасынын эксперттери жүргүзгөн текшерүүлөргө катышуу;  

- курулуш иштерин баштоого тиешелүү уруксат берүүчү документтерди даярдоо;

- курулуш иштеринде көрсөтүлбөй калуучу жумуштар боюнча өз убагында акт түзүп, кезектеги жумуш боюнча тапшырма берип, анын аткарылышын көзөмөлдөө;

- курулуш иштери бүткөн объектилерди кабыл алуу боюнча мамлекеттик жана жумушчу комиссиясын уюштуруу;

  1. Долбоордук-сметалык документтештирүү бөлүмү

Жетектөөчү адиси (К-А) – 1 бирдик:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөнкү багыттар боюнча: архитектура жана курулуш, геодезия жана жерге жайгаштыруу, геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү кесиптери боюнча инженер-гидротехник, инженер-геодезист, топограф, инженер-сметчик;

-“инженер-долбоорчу” адис катары ишмердигин жасоо укугу берилген мамлекеттик сертификаты (артыкчылык берилет).

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажына талап коюлбайт.

  1. Төмөнкүлөрдү билүү:

-Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарын;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча департаменти жөнүндө жобосун”; 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016- жылдын 18-майындагы №4-нпа   буйругу менен бекитилген “Курулуштун нормалары жана шарттары” МДС 81-01-2015  (СНиП, ГОСТ) ;

-AutoCAD, Credo-Dat программалары.

Функционалдык милдеттери:

- коргоочу курулмалардын техникалык чечимдерин даярдоо;

- инженердик, геодезиялык-изилдөө иштерин жүргүзүү;

- долбоорлоо-изилдөө иштери боюнча мамлекеттик сатып алууларга материалдарды даярдоо;

- иштелип чыккан долбоордук-сметалык документтердин жана техникалык чечимдердин картотекасын түзүп, эсебин алып баруу;

-документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

 

Сынака катышуу үчүн төмөнкү документтерди  тапшыруу зарыл:

- арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

- өмүр баян (соттолбогондугу жөнүндө маалымат);

- өздүк баракча сүрөтү менен;

- паспорттун көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынакка катышуу үчүн бардык каалочуларга жогоруда көрсөтүлгөн документтерди көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2019-жылдын 8-июлуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, А.Токтоналиев көчөсү, 2/1, 5-кабат, каб. 512 Тел.: 562511

            Кошумча маалыматты  Кыргыз Республикасынын  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (www.mes.gov.kg) жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кадр кызматынын   (www.mkk.gov.kg) сайттарынан  алса болот.

           

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-06-25 00:00:00
Дата аягы: 2019-07-08 00:00:00