Вакансиялар Ысык-Көл облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Жети-Өгүз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы
Бөлүм: Жети-Өгүз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы
Кызмат орду: жетектөөчү адис
Талаптар:

Жети-Өгүз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы  Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык мекеменин жетектөөчү адис воканттык кызмат ордуна  сынак жарыялайт:

Коюлуучу квалификациялык талаптар:

 кесиптик билимдин деңгээли: - тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим, (айыл чарба, экономикалык, айыл чарба багытындагы инженер, аграномия) 

          иш стажы жана тажрыйбасы: - иш стажысы талап коюлбайт;

 кесиптик компетенттүүлүгү: - төмөнкүлөрдү билүү:  - КР “Айыл чарба  багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”, “Жерлерди трансформациялоо жөнүндө”, “Жайыттар жөнүндө”, “Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, “Суу жөнүндө” Мыйзамдары жана КР Өкмөтүнүн  23.07.2012ж. № 517 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча  Типтүү нускама;- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жанаӨже расмий тилдерди;

 билгичтиги: жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; мамлекеттик жана  расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; командада иштөө;

- көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Фукционалдык милдеттери: Башкармалыкка келип түшкөн контролдогу жана башка документтерди коюлган мөөнөттөрүндө карап чыгат, келип түшкөн сунуштарга жана арыздарга жоопторун даярдоо; - Райондун айыл чарба секторунун учурдагы абалы тууралуу электрондук жана кагаз түрүндөгү маалымат базасын түзөт жана иш алып баруу; - Райондун учурдагы агрардык секторундагы абалы боюнча башкармалыктын адистери менен биргеликте мониторинг жүргүзүп баа коөт, секторалдык приоритеттерди белгилөө; - Жогорку деңгээлдеги  жетекчиликтердин буйруктарын, тескемелерин, көрсөтмөлөрүн жана башка чечимдерин аткаруу; - Өзүнүн компетенциясынын чегинде жарандардын, кызмат  адамдарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин кайрылууларын өз убагында жана обьективдүү карап берет жана аларды чечүү боюнча сунуштарды даярдоо; - Фермерлерге, дыйкан чарбаларга жана башка айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө кеңеш берүү жана чечим кабыл алууларына практикалык жардам көрсөтүү; - Агрардык өнүгүүгө  тиешелүү суроо-талаптар менен кайрылган чарбакер субьектилердин арыздарын, даттанууларын текшерүү комиссиясынын курамына катышуу;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат: - конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы; - кадрлардын каттоо баракчасы, - 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт; - Паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт) - жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүлүшү керек); - эмгек китепчесининин көчүрмөсү (көчүрмөсүн нотариустан же иштеген жеринен күбөлөндүрүшү керек);

Талапкерлерден документтер Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде кечки саат 17-00 гө чейин Жети-Өгүз райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында, Манас көчөсү 95 дарегинде кабыл алынат. Ал эми конкурс өтө турчу күн талапкерлерге кошумча билдирилет .

        Кошумча маалыматтарды алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылсаныздар болот:     51-3-53,  0553 15 27 77

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-29 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-11 00:00:00