Вакансиялар Жалал-Абад облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясы
Бөлүм:
Кызмат орду: Курулуш, өнөр жай жана өндүрүштүк инфраструктура боюнча башкы адис 1 (бир) бош орун
Талаптар:

Квалификациялык талаптар:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Финансылык экономикалык, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарындагы жогорку билим;

 

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

-   жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

  1. Кесиптик компетенциялары:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”, “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары, Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси”.

- Тиешелүү тармактагы мыйзамдары:

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары, Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди билүүсү;

 

  1. Билгичтиги:

- Маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- аналитикалык документтерди даярдоо;

- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

 

  1. Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерин ыкчам жүзөгө ашыруу;

-компьютердик жана уюштуруу техникасын зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

  1. Сынакка катышуу үчүн керектүү документтер:

- бош кызмат ордун көрсөтүү менен жеке арыз (контакттык телефон номери менен);

- кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен;

- резюме, сунуш каттары, өмүр баян жана соттолбогондугу жөнүндө өмүр баянга көрсөтүү;

- билим жөнүндө, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам ыйгарылгандыгы жөнүндө дипломдордун көчүрмөлөрү, аскер билетинин көчүрмөсү (эмгек китепчесинин жана дипломдордун көчүмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрөт).

 

    Документтерди кабыл алуу жарыя гезит бетине чыккандан баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт.

    Дареги: Ала-Бука айылы, С.Ибраимов көчөсү №37, 3 кабат, 40-кабинет, байланыш телефону (03741) 5-07-86.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-30 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-12 00:00:00