Вакансиялар Нарын облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтү
Бөлүм: Айыл өкмөт
Кызмат орду: экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис
Талаптар:

Ат-Башы районунун Ак-Талаа айыл өкмөтү КР “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык төмөндөгү кызмат орунга  сынак жарыялайт.

 

Ак-Талаа  айыл  өкмөтүнүн  экономика  жана  статистика боюнча жетектөөчү адис кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар

 

1) кесиптик билимдин деңгээли:

- тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим (экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү, гуманитардык).

 2) иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

- төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

КР Бюджеттик кодексин, КР “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Мыйзамын, КР Салык кодексин, КР “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамын, КР “Мамлекеттик статистика” Мыйзамын.

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

- конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

- кадрларды катто баракчасы, резюме, өмүр баян (сотолбогонду же соттолбогондугу  жөнүндө маалымат камтыган);

- 3 х 4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

- паспорттун көчүрмөсү (оригиналы сынакка келген маалда көрсөтүлөт);

- жогорку билимин тастыктаган дипломунун (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);  

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү (көчүрмөсү нотариустан күбөлөндүрүлгөн);

 

Документтер Ат-Башы районунун Калинин айылы Т.Алмакунов көчөсү №28дарегинде Ак-Талаа айыл аймагынын  айыл өкмөтүндө, жарыя массалык маалымат каражаттарына чыккандан баштап 10 жумушчу күндүн ичинде  кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды алуу үчүн www mkk.gov.kg сайтынан жана төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар: 0709 476-337

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-21 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-03 00:00:00