Вакансиялар Мамлекеттик органдардын
борбордук аппаратында

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: КР ӨКМ Бишкек шаары боюнча башкармалыгы Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесине ылайык төмөндөгү административдик мамлекеттик кызмат ордуна сынак жарыялайт:
Бөлүм: Октябрь райондук жарандык коргонуу бөлүмчөсү
Кызмат орду: жетектөөчү адиси
Талаптар:

КР ӨКМ Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Октябрь райондук жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн жетектөөчү адиси

 

1.Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим, төмөндөгү багыттар боюнча: Өзгөчө кырдаалдардыгы коргонуу, физика-математика илимдери жана фундаменталдык информатика, табият илимдери, педагогикалык билим, саламаттык сактоо, экономика жана башкаруу, маалыматтык коопсуздук, тоо-кен илимдери, айыл чарба, геодезия жана жерге жайгаштыруу, архитектура жана курулуш, электроника, радиотехника жана байланыш, техника илимдери, техносфералык жана өрт коопсуздугу, жаратылыш жана гидрометеорология, аскердик билими;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

3.1. Төмөнкүлөрдү билүү:

 Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”,Кыргыз Республикасынын мыйзамын;Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси.

тиешелүү тармактар боюнча:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын: «Жарандык коргонуу жөнүндө», «Кыйроодон куткаруу кызматтары жана куткаруучулардын статусу жөнүндө»,

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-ноябрындагы «Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын классификациясын жана аларды баалоонун критерийлерин бекитүү жөнүндө» № 550токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» жобосу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-январындагы № 1 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында өзгөчө жана кризистүү кырдаалдарда бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасы жөнүндө» жобосун.

 

3.2. Билгичтиги:

- жарандык коргонуу планын долбоорун иштеп чыгуу, сунуш берүү;

- карталар менен иштей билүү жөндөмү.

- курулуш эрежелери жана нормаларын билүү;

- медицина жана химия боюнча түшүнүгү;

- иш кагаздарын жүргүзүү эрежелерин билүү.

3.3. Көндүмдөрү:

Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

Сынака катышуу үчүн төмөнкү иш-кагаздарын  тапшыруу зарыл:

-арыз (бош кызмат орунун так аталышы менен), резюме;

-өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-өздүк баракча сүрөтү менен;

-паспортунун  көчүрмөсү;

- эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кесиптик билимин, илимий даражасын жана илимий наамын тастыктоочу документтердин нотариус аркылуу же персоналды башкаруу кызматтары аркылуу күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

Сынака катышуу үчүн бардык калоочуларга жогоруда көрсөтүлгөн иш кагаздарын көктөмөгө көктөп, жарыя чыккан күндөн тартып 2019-жылдын             3-июнуна чейин  төмөнкү дарекке боюнча тапшыруу керек: Бишкек шаары, Осмонкула көчөсү, 128, 1-кабат, каб.3, тел.:0312-439140

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-21 00:00:00
Дата аягы: 2019-06-03 00:00:00