Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Мангыт айыл өкмөтү
Бөлүм: Жаштар иштери, дене тарбия маселелери жана миграция боюнча
Кызмат орду: Адис
Талаптар:

Мангыт айыл өкмөтүнүн администрациясы төмөндөгү бош кызмат орунуна конкурс жарыялайт:

 

Жаштар иштери, дене тарбия маселелери жана миграция боюнча адис

 

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

- жогорку билим же орто кесиптик билим - Эсептөө техникасы жана информациялык технологиялар адистиктери боюнча, же болбосо Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө”;
  • “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө”
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

 

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757  токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

  • Конкурстук комиссиянын төрагасынын наамына арыз;
  • Паспорт;
  • Кадрлардын каттоосу боюнча өздүк баракча;
  • Өмүр баян (өз колу менен);Соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө түшүрү менен;
  • 4х6 өлчөмөндөгү 2 даана, 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт;
  • Резюме;
  • Дипломдун көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган);
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган);

 

Бош кызмат орду гезитине  жарыялангандан кийин 10 жумушчу күндүн ичинде документтер кабыл алынат.

Сурап-билүү телефону (03231) 5-30-11.   Айыл өкмөтүнүн администрациясы

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-21 18:11:52
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00