Вакансиялар Ош облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Ленин айыл өкмөтү
Бөлүм:
Кызмат орду: башкы адис
Талаптар:

Ленин айыл өкмөтүнүн кирешелер  боюнча башкы адис кызмат ордуна конкурс жарыяланат.

  1.   Конкурска катышуучуларга коюлуучу талаптар:

 

1.Жогорку билимдүү     

Техносфералык коопсуздук, жаратылышты жайгаштыруу жана гидрометеорология адистиктери боюнча, Геодезия жана жерге жайгаштыруу, Архитектура жана курулуш адистиктери, Техникалык, Экологиялык багыттары боюнча.

2.Компьютерде иштей билүүсү                                                                                        3.Документация менен иштөө көндүмү болууга тийиш                                     4.Жоопкерчиликтүү

  1. Жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
  2. Конкурска катышуу үчүн талап кылынуучу документтер:                          

 

1.конкурстук комиссиянын төрайымынын наамына арыз

  1. конверт 1 даана

3.дело 1 даана

4.сүрөт 4х6 2 даана (баракчасы менен)

  1. жогорку окуу жайынан бүтүргөн дипломдун көчүрмөсү (нотариустан тастыкталган)

эмгек китепчеси (нотариустан көчүрмөсүн тастыкталган)

  1. өмүр баян 1 даана( соттолбогондугу менен соттолгондугун көрсөтүү менен аныктама)
  2. паспорттун көчүрмөсү 1 даана

8.резюме 1 даана

  1. Личный лиcток

   

 3) Кесиптик компетенттүүлүгү:                                                              

  - Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын “Жарандык коргоону жөнүндө”;
  • “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

- Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

- Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

5.Функционалдык милдеттери:

 

-калктуу конуштарда канализация жана тазалоо курулуштар системасынын ишин камсыз кылуу

-калктуу конуштарда муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу

-жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу

-көрүстөндөрдүн иштешин камсыз кылуу жана ырым-жырым кызматтарын көрсөтүү

-жалпы пайлдалануудагы жерлерди ыңгайлаштыруу жана жашылдандыруу

-парктардын ,спорттук курулуштардын жана эс алуу жайлардын иштешин камсыз кылуу.

- тиричилик ,таштандыларды чогултууну ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу –мунициаплдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чек араларында коомдук транспорттун иштешин камсыз кылуу жана коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу

-Өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу жана анын залалдарын жоюууга көмөк көрсөтүү

-тийиштүү аймакты жылуулук менен камсыз кылуу

-калктуу конуштун тийиштүү аймагында  жерди пайдалануу жана курулуш куруу эрежелерин белгилөө

-тийиштүү  калктуу конуштун аймагында  Кыргыз Республикасынын мыйзамдырына ылайык жарнамаларды жайгаштыруу .

 

Конкурс жарыя гезит бетине жарыялангандан кийин 10  жумуш күндүн ичинде документ   кабыл алуу жүргүзүлөт. 

Документтерди кабыл алуу , жана конкурс өтүү Ленин айыл өкмөтүндө жүргүзүлөт

 Сурап билүү үчүн телефондор:   (03234) 6-01-23 ,моб: 0556-68-06-67.

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2019-05-07 17:50:28
Дата аягы: 0000-00-00 00:00:00