Вакансиялар Баткен облусу
боюнча

Бош кызмат орундун мазмуну
Мамлекеттик орган: Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтү
Бөлүм: Финансы-экономикалык бөлүмү
Кызмат орду: Бөлүм башчы
Талаптар:

Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы

  1. Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку билим (Финансылык экономикалык багыттары боюнча).

2.Стажы жана иш тажрыйбасы:

- мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта бир жылдан кем эмес иш стаж же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

  1. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- жалпы ченемдик укуктук актыларды  билүүсү зарыл:  Кыргыз Республикасынын Конституциясы; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”; “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”; “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары; Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды билүүсү зарыл:  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамдары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө № 131 токтому.

- кызмат орундарынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон өлчөмдө мамлекеттик же расмий тилди билүүсү.

Билгичтиги:

- маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо; ишти натыйжалуу пландоо;

- калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

- аналитикалык документтерди талдоо;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

- кызматкерлердин алдына так белгиленген милдеттерди коюу жана алардын ишин обьективдүү баалоо;

- кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келүүчү көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында табуу жана чечүү.

Көндүмдөрү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

  

     Талап  кылынуучу  документтер:

  1. Өздүк арыз
  2. Өздүк баракчасы - 1 даана
  3. 4х6 өлчөмүндөгү сүрөт – 2 даана
  4. эмгек китепчесинин көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  5. паспорттун көчүрмөсү
  6. резюме
  7. дипломдун көчүрмөсү ( нотариус аркылуу тастыкталган)
  8. өмүр баян (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен)

       Талапкерлер тиешелүү документтерди жарыя чыккан күнүнөн  баштап 10 жумушчу күндүн  ичинде тапшырууңуздар зарыл.

Дареги: Орозбеков айылы, Кыргызстан 60 жылдык көчөсү, н-ж.

  байланыш телефону : 0772742484         

                

 

Сынактык комиссия

Статусу: бош орун
Башталыш дата: 2018-04-22 19:00:00
Дата аягы: 2019-05-06 00:00:00