Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Казакстан Республикасындагы магистратурага 2021-2022 окуу жылына карата кабыл алуусун жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы маалымдайт, Казакстан Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясы (Академия), Ханнс Зайдел Фонду жана мамлекеттик чөйрөсүндө Астаналык Хаб менен биргеликте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди окутуу үчүн 2021-2022 окуу жылдар аралыгында төмөнкү магистрдик окуу программаларын жарыялайт:

  1. "Аймактарды өнүктүрүү". Окуу жумуш ордунда өтөт. Окуу мөөнөтү 1 жыл.

Негизги талап: мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө тажрыйбасы эки жылдан кем эмес (арыз тапшыруу учурунда).

  1. «Master in International Relations»/ «Эл аралык мамилелер». Окуу мөөнөтү – 1 жыл.

Негизги талап: мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштөө тажрыйбасы эки жылдан кем эмес (арыз тапшыруу учурунда).

Бул программага кирүүдө документтерди тапшыруу учурунда жарактуу IELTS, TOEFL PBT же TOEFL IBT тесттеринен өткөндүгү жөнүндө күбөлүк талап кылынат.

 

Магистрдик программаларына документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 5-июнуна чейин ОНЛАЙН форматында www.apa.kz/ru/ веб-сайтында "Кабыл алуу" бөлүмүндө жүргүзүлөт. Толук маалыматты көрсөтүлгөн веб-сайттан да таба аласыз.

 

2021-жылдын 16-июнунан 12-августуна чейин боло турган сынактык тандоо төмөнкү баскычтардан турат:

            1-этап: дилбаян жазуу (онлайн);

            2-этап: кейстик тапшырма аткаруу (онлайн режиминде);

            3-этап: компетенттүүлүктү баалоо;

            4-этап: орус жана англис тилиндеги маектер (интернетте болушу мүмкүн).

 

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү дарекке кайрылыңыз:

         Академия: тел.: +7 702 467 81 51 (WhatsApp), еmail: a.utepova@apa.kz ;

ГКС: тел.: 62 04 31, kr.sps@mail.ru