КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси Калыбек Алышбаев Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринен кабар алып, Жеңиш майрамы менен куттуктады

Улуу Жеңиш күнүнө карата 2021-жылдын 7-майда КР Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси Калыбек Алышбаев Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери, Ысык-Көл облусунун Тамга айылынын тургуну Тентимиш Иназаровдон кабар алып, Жеңиш күнү менен Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун атынан куттуктады. Ошондой эле Калыбек Алышбаев ардагер аксакалга акчалай сыйлык жана башка сыйлыктарды тапшырды.

Ошол эле күнү Калыбек Алышбаев Жети-Өгүз районунун тургуну, Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Амантур Токтоназаровдон да кабар алып, Жеңиш күнү менен Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун куттуктоосун тапшырып жатып, ардагер аксакалга бекем ден соолук жана кажыбас кайрат каалады. Ардагер Амантур Токтоназаровго да акчалай жана башка сыйлыктар тапшырылды.