Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурстук комиссиясынын отуруму болуп өттү

КР Мамлекеттик кадр кызматында 2021-жылдын 4-майында Улуттук кадрлар резервине киргизүү боюнча конкурстук комиссиясынын отуруму өткөрүлдү. Отурумдун алкагында конкурстук комиссиясынын мүчөлөрү менен УКРге талапкерлердин ортосунда аңгемелешүү болду. Комиссиянын мүчөлөрү талапкерлерге өздөрүнүн кесиби жана квалификациялык талаптары боюнча тиешелүү суроолорун беришти.

Отуздан ашуун талапкепкер аңгемелешүүгө катышып, конкурстук комиссиясынын мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти. Конкурстук комиссияны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектейт. Комиссиянын катарын КР Президентинин Аппаратынын өкүлү, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын өкүлү, КР Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы Бакытбек Сагынбаев, КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын  ректору Алмазбек Акматалиев жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү толукташат.

Белгилей кетчү жагдай, бул талапкерлер жогорку мамлекеттик администрациялык кызмат оруну үчүн ат салышууда. Улуттук резерв – мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын жогорку жана башкы мамлекеттик администрациялык  кызмат орундары менен жогорку жана башкы муниципалдык администрациялык кызмат орундарына дайындоо үчүн түзүлгөн талапкерлердин группасы (резервистер).  Бүгүнкү күндө Улуттук кадрлар резервинде 119 резервист бар. Алардын 20 резервисти – жогорку мамлекеттик администрациялык кызмат оруна, 99 резервисти – башкы мамлекеттик администрациялык кызмат оруна талапкер. Улуттук кадрлар резервинин катары дагы кеңейет.

 

КР Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматтык басма сөз кызматы