Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү

Бүгүн, 2021-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиевдин төрагалыгы алдында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурумдун күн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси – министрдин Кеңештин отурумунда аткаруучу бийликтин мамлекеттик органдарындагы айрым статс-катчыларын дайындоо жана бошотуу боюнча кээ бир министрлердин сунуштамасын жана жамааттык кайрылууларды карап чыгуу маселеси түздү.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кеңеш мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жаатындагы мыйзамдарына ылайык, тиешелүү чечим кабыл алды.

Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдер мындар аркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтерине жөнөтүлөт.