Мамлекеттик кадр кызматында Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн конкурстук тандоонун аңгемелешүү этабы жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгын жүзөөгө ашыруу максатында жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана башчылардын орун басарларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервине (Регионалдык резерв) киргизүү үчүн ачык конкурс жыйынтыкталды.

Мурда кабарлангандай, 800дөн ашуун КР жарандары Регионалдык кадрлар резервине кирүү үчүн арыздарын беришти.

Конкурстук тандоонун биринчи этабы болгон – компьютердик тестирлөөдөн  ийгиликтүү тапшырышкан талапкерлер кийинки этап болгон – аңгемелешүүгө өтүштү.

Конкурстук комиссияны Мамлекеттик кадр кызматынын директору Абдырахман Маматалиев жетектөөдө. Бүгүн, 20-апрелде өткөрүлгөн аңгемелешүүгө 34 талапкер катышышты.

Комиссиянын курамына КР Президентик Аппараттан – бир өкүл, КР Өкмөттүк Аппараттан – бир өкүл, республикалык масштабдагы жетекчилик кызмат орундарын аркалаган, мамлекеттик жана муниципалдык органдарындагы жетекчилик кызматта үзүрлүү эмгектенген көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер – академик Жамин Акималиев, Жаңыл Түмөнбаева, республикабыздын эмгек сиңирген куруучусу Садыкбек Аблесов, жергиликтүү өз алдынча башкаруу Бирлигинин жетекчиси жана өлкөбүздүн алдыңкы серепчилери киришти.

Комиссия мүчөлөрүнүн баасы аңгемелешүүдө ар тараптуу калыстыкты камсыздоо алкагында жетекчи үчүн керек делген тогуз негизги компоненттер түзүшөт. Алар:

- лидерлик сапат;

- кесиптик сапат;

- ой-жүгүртүүсүн айтып берүүдөгү тактык;

- идеялардын бардыгы;

- логика;

- туруктуу мүнөз;

- туура баарлаша билгендиги;

- изденүүсү;

- жоопкерчилик.

Аңгемелешүүнүн бааларынын компоненттерин түзүүдө мыкты кадрларды тандоо жана дайындоо менен экономикалык жетишкендиктерге жетишкен Жапония, Түштүк Корея ж.б. өңдүү дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрүнүн кадр тандоодогу пайдаланылган тажрыйбасы эске алынды.

Талапкердин жалпы эрудициясы аңгемелешүү учурунда эске алынып, ар түрдүү суроолор да талапкерлерге берилүүдө.

Аңгемелешүүнүн жүрүшү  Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан жана Фейсбук социалдык желесиндеги расмий баракчадан түз эфирде көрсөтүлүүдө Ар бир жаран талапкерлердин жоопторунун сапаттуулугун көрүп, тандоонун ачык-айкындуулугуна күбө болот.

Комиссия жыйынтыктоочу чечимин конкурстун аягында чыгарат жана ал чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жөнөтүлөт жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын жана алардын орун басарларынын жаралган бош кызмат орундарына (вакансия) дайындоодо бул чечим эске алынат.