Кырыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” Жарлыгын аткаруу боюнча иш-чаранын алкагында, Ысык-Көл облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын жана алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады.
Республикалык аттестациялоо комиссиясы 26 мартта аттестациялоону жыйынтыктады.
Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 13 талапкерден 2 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.
Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:
Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча КР Өкмөтүнө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет.
Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.
Сайтка бүгүнкү күнү киргендердин саны: | |
Сайтка бир айдын ичинде киргендердин саны: | |
Киргендердин баардыгы: | |
Каттоо: |