КР Мамлекеттик кадр кызматы КР Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясында Окутуу-түшүндүрүү бөлмөсүн ачууну пландоодо

Карьералык жана Улуттук кадрлар резервине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн  каалоочулардын саны арбып бара жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору А.Маматалиевдин буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын имаратында жаңы форматта компьютердик тестирлөөдөн өтүү үчүн Окутуу-түшүндүрүү бөлмөсү жайгаштырылат.

Окутуу-түшүндүрүүчү бөлмө бардык техникалык жабдыктар, үзгүлтүксүз интернет-байланыш менен камсыздалган. Бул аракеттер окутууга катышып жаткан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп берүү үчүн аткарылууда.

Аталган бөлмөдө КР Мамлекеттик кадр кызматынын тестирлөө борборунда тест бере турган жарандар жаңы форматтагы тестирлөө процедурасы менен жакындан таанышып, өздөрүнүн билим деңгээлин текшергенге жана компьютердик тесттен өтүүгө мүмкүнчүлүк алууга болот.

Андыктан, бардык Карьералык жана Улуттук кадрлар резервине документтерин тапшыргандарды, ошондой эле бош административдик кызмат үчүн ачык жана ички конкурстарга катышып жаткандарды Окутуу-түшүндүрүүчү бөлмөгө чакырабыз.

Ошону менен катар КР Мамлекеттик кадр кызматы Карьералык жана Улуттук кадрлар резервине кирүүгө ниеттенип жаткандарды да Окутуу-түшүндүрүү бөлмөсүнө чакырат.  Сыноо тестирлөөгө бардык жарандар жана чет элдик жарандар катыша алат.

Тесттик тапшырмалар предметтери боюнча өздөрүнүн билим деңгээлин өркүндөтүү үчүн жарандарга жардам катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын жогорку квалификациялуу окутучуучулары Окутуу-түшүндүрүү бөлмөсүндө тестирлөөнүн мазмуну жана өтүү процедурасына байланыштуу окутууларын өткөрөт.

Белгилей кетчү жагдай, Окутуу-түшүндүрүү бөлмөсүнүн  негизги максаты мыйзамдардын мазмундуулугу боюнча билим деңгээлин бышыктоо болуп саналат. Тестирлөөнүн катышуучусу тиешелүү ченемдик укуктук акты тандап же өзүнө берилген ченемдик укуктук акт боюнча даярдана алат.

Окутуу-түшүндүрүү бөлмөсүнүн ачылышы ноябрь же декабрь айына пландалууда, ал эми өз ишин Окутуу-түшүндүрүү бөлмөсү ушул жылдын аягына чейин баштайт.