Мамлекеттик кызматка талапкерлердин компьютердик тестирлөөсү убактылуу токтотулду

    Мамлекеттик кадр кызматы маалымдайт: Өкмөттүн вирустук инфекциянын жайылышына жана массалык түрдө адамдардын чогулушуна жол бербөө боюнча иш-чарасынын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык административдик кызмат орундарына  талапкерлердин компьютердик тестирлөөсү убактылуу токтотулду.

 

    Буга чейин компьютердик тестирлөөгө катышыш үчүн берилген өтүнмөлөр карантин мөөнөтү бүткөндө өтүү убактысы кайрадан белгиленет.