Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын окутуу жүргүзүлүүдө

“2019-жылды аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү деп жарыялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, саясий мамлекеттик кызматтарды ээлеген   адамдарды кесипкөй  өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы тарабынан Бишкек, Ош шаарларында жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын башчыларына 2 күндүк окутуу  курстарын өткөрүү каралган.

2019-жылдын 24-октябрынан тартып, Бишкек шаарындагы Ж.Баласагын атындагы улуттук университетинин базасында  алар Чүй, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын  райондук жетекчилеринен турган    биринчи топ үчүн  окутуу башталды. Ушул жылдын ноябрь айында мындай  курстар Ош, Жалал-Абад жана Баткен  облустарынын райондук жетекчилери үчүн өткөрүлмөкчү.

Курстун ачылышына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары О.С.Тарбинский, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору К.Б.Базарбаев  жана кыргыз улуттук университетинин жетекчилери катышышты. Аймактык жетекчилердин кесиптик потенциалын көтөрүүнүн жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик  жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү” мыйзамына  окутуу боюнча өзгөртүүлөр киргендигине байланыштуу КРдин өкмөтүнүн чечими менен  мындай  курстар маал-маалы менен  өткөрүлүп турат.

Курстар өзүнө мамлекеттик саясат жана мамлекеттик башкаруу  негиздерине;  Кыргыз Республикасын 2018-2020-жылдарга  өнүктүрүү  улуттук  стратегиясына; 2019-2023-жылдарга  санариптештирүү трансформациясы концепциясына, мамлекеттик жана мунимципалдык органдарда   коррупцияга каршы күрөшүү  жана башка багыттарга байланышкан темаларды камтыйт.