Адам ресурстарын башкаруунун корей тажрыйбасы  

Жакында (KOICA) Корей эл аралык кызматташуу агенттиги, Корей Республикасынын жергиликтүү органдарын өнүктүрүү институту менен биргеликте Кореянын Соннам жана Ванджу шаарларында «Мамлекеттик сектор тармагында адам ресурстарды башкаруу» 3 жылдык гранттык программасынын экинчи бөлүгүн уюштурушуп, ага Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери дагы катышышты.

Семинардын жүрүшүндө кыргыз делегациясы Кореянын Кызматкерлерди башкаруу министрлигинде болушуп, министрликтин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышышты жана мамлекеттик кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу боюнча иш-чараларды бирге өткөрүү жаатында кызматташуунун жолдорун талкуулашты.

Маалымат үчүн:

2018-жылдын башында КРдин Ммамлекеттик кадр кызматы Кыргызстандагы эл аралык Корей кызматташтык агенттигинин кеңсеси менен биргеликте “Мамлекеттик сектор тармагында адам ресурстарын башкаруу” 3 жылдык мамлекеттик программаны иштеп чыгышкан. Ага КРдин мамлекеттик жана муниципалдык кызматынын 17 кызматкерлери катышкан.

3 жылдык долбоор КРдин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин адам ресурстарын жетектөө тармагында  административдик потенциалын күчөтүүгө, мындан тышкары Кыргыз Республикасында адам ресурстары менен иштөө процессинин өнүгүү системасына көмөктөшүүгө багытталган. Ошондой эле Корей Республикасынын мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө адам ресурстарын башкаруу тажрыйбасын үйрөнүү, мамлекеттик муниципалдык кызматкерлерди жумушка алуудагы жана тандоодогу маселелерди, карьералык пландоону, электрондук өкмөттү изилдеп чыгуу каралган.

Семинардын ар бир катышуучусу өзүнүн пландарын иш жүзүнө ашыруусу кажет. Бул жаатта кореялык адистердин жардамы менен мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө адам ресурстарын башкаруу маселелерине анализ жүргүзүлүп, жаралган маселелерди чечүүнүн жолдору, мөөнөттөрү такталды. Бул болсо жакынкы аралыкта КРдин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат системасын өркүндөтүүгө зор көмөк болмокчу.