Мамлекеттик сектордо иштин натыйжалуулугун баалоо боюнча панелдик сессия Баку шаарында өттү

 

Үстүбүздөгү жылдын 26-сентябрында Баку шаарында (Азербайжан) Билим берүүнү баалоо боюнча эл аралык ассоциациянын жылдык          45-конференциянын алкагында Азербайжандын Мамлекеттик экзаменациялык борбору менен бирге уюштурулган «Мамлекеттик сектордо иштин натыйжалуулугун баалоо: практика жана чакырыктар» тема боюнча Мамлекеттик кызматтын Астанадагы Хабынын панелдик сессиясы өттү.

Панелдик сессияга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Калыбек Кенешович Алышбаев катышып, «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо» темада сөз сүйлөдү.

 

Сессиянын ишине Азербайжан, Грузия, Беларусь, Казакстан, Нигерия жана Украинанын мамлекеттик кызмат боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын 60-тан ашык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, академиктери жана эксперттери катышты. Сессиянын чегинде аймактын өлкөлөрүндө мамлекеттик кызматты баалоо чөйрөсүнүн абалы, маселелери жана келечектеги өнүгүшү талкууланды. Панелдик сессиянын катышуучулары бул тармактагы жетишкендиктери жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен тааныша алышты.