E-Kyzmat системасынын артыкчылыктары

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында E-Kyzmat системасынын тууралуу  маалымат берип, анын артыкчылыктарын белиледи.

Тарбинский билдиргендей,  E-Kyzmat адам ресурстарын электрондук башкаруунун автоматташтырылган бирдиктүү системасы иштелип чыккан. Бул система “Инфоком” мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырылууда.

Е-Kyzmat жаңы системасынын негизги милдеттери төмөндөгүдөй:

Кызмат ишинин бардык этабында кадр маселелерин чечүүдө электрондук форматта бирдиктүү механимди түзүү.

  • Маалыматтарды колдонуу: персоналдар тууралуу маалыматтарды чогултуу, иштетүү, колдонуу функцияларын автоматташтыруу.
  • Ишенимди көзөмөлдөө: кадр маселелерин чечүүдө, так жана толук маалыматтык колдоо көрсөтүү.

Олег Тарабинский белгилегендей, бул система көп ведомстволор үчүн негиз боло алат, алардын ичинде Салык кызматы да бар. Бул системада катага жол берилбейт. Мисалы, туура эмес маалыматтар киргизилип, ката кеткенде система иштебей, токтоп калат.

“Былтыр биз 42 мамлекеттик органды санариптештирдик. Бул жылы облустагы өкүлчүлүктөрдө санариптештирүү жүрүүдө. Ал эми кийинки жылы жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарда иштер жүрөт. Байланыш баардык жерде эле боло бербегендиктен, бул иш оор болушу мүмкүн. Санариптештирүү бүткөндөн кийин жарандар мамлекеттик кызматтарды “он-лайн” режиминде колдоно алышат”, - деди Тарбинский.

Басма сөз жыйынынын жүрүшүнө Мамлекеттик кадр кызматынын электрондук башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Индира Шаршенова e-Kyzmat системасынын 6 функционалдык моделине токтолду:

  • Уюмдашкан структура: аталган модель мамлекеттик органдарда кызматтардын жана штаттык бирдиктердин уюмдашкан структурасын түзүүнү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын байланышын ыкчамдатууну карайт.
  • Персоналдарды башкаруу – бул кызматкердин электрондук жеке делосу, отчёттун 59 эс алуу формасы, квалификацияны жогорулатуу, класстык чендер, сыйлыктар тууралуу маалымат.
  • Сынак аркылуу тандоо жүргүзүү.
  • Улуттук кадрлар резерви: сынак жарыялоо, талаптарды коюу, сынакка катышууга арыздарды электрондук тапшыруу, сынактын этаптарын байкап, жыйынтыгын чыгаруу,
  • Кызматкерлердин ишин баалоо.
  • Кызматкерлерди окутуу: кызматкерлердин керектөөлөрүн жана окутуунун тематикаларын талдап, аралыктан окутуу шартын түзүү менен теманы өздөштүрүүнү баалап электрондук сертификат тапшыруу.

 

e-Kyzmat системасынын мамлекет үчүн пайдалуу жактары:

 

  • Бийликтин баардык бутактарына, айыл өкмөттөргө чейин регламент боюнча байланышуу мүмкүнчүлүгү.

 

  • Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары ортосунда ыкчам маалымат алуу.

 

  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка ачык тандоо жүргүзүү.

 

  • Улуттук кадр резервиндеги кадрлардан реестр түзүү.

 

Жарандар үчүн жакшы жактары:

  • Мамлекеттик органдардагы бош орундарды дайыма көрүү.

 

“Е-Kyzmat системасына 2019-жылдын январь айында 44 мамлекеттик орган кошулган (анын ичинде 2 өзүн өзү башкаруу органы), 8 миң 960 мамкызматкердин маалыматы санариптештирилген. Бул жылы бүт республика боюнча баардык аймактык жана чөлкөмдүк мамлекеттик түзүмдөрдү кошуу пландалууда”, - деди Тарбинский.

 

Е-Kyzmat системасын иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 6 млн. сом бөлүнгөн

 

Н.Рысмамбетова