Мамлекеттик кызматка орноштуруудагы инклюзивдик жол

Мамлекетттик кадр кызматы КРдин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги менен  биргеликте Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин колдоосу менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орноштурууда инклюзивдик процесстерди иштеп чыгуу боюнча тегерек үстөл өттү. Ага парламенттен, эл аралык уюмдардан, жарандык коомдон жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын ар кандай бирикмелеринин өкүлдөрү катышты.

Тегерек үстөлдүн максаты – эмгекке инклюзивдик шарттарды түзүү жолу менен мамлекеттик органдарда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эмгектеги укугун  коргоону  илгерилетүү. БУУнун майыптардын укуктары туурасындагы ратификацияланган Конвенциясынын алкагында, мындай  адамдардын муктаждыктарынын ачыкка чыгышы мамлекеттик мекемелерде  мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укугун күчтөндүрө турган эмгек шарттарын түзүүгө өбөлгө болот.

Тегерек үстөлдүн катышуучулары бүгүнкү күндө  КРдин мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтарынын мыйзамдарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эмгек укугун жөнгө салуучу нормалардын жоктугун  белгилешти. Статистикага карай турган болсок, 2019-жылдын 1-январына карата админстративдик мамлекеттик кызматтардагы 15248 адамдын 103үн (0,7%),  ал эми муниципалдык кызматтардагы 7971 кызматкердин 139ун (1,7%) мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар түзөт. 

Ушуга байланыштуу МКК мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө бирт топ калыс шарт түзүү максатын коюуда. Ушул өңүттөн алганда Мамлекеттик кадр кызматы ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргелишип иш жүргүзүү планына кол коюу менен алгачкы кадам жасалды.

ЕККУнун Бишкектеги кеңсенин башчысы, элчи Пьер фон Аркс: “ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдордун дайымкы өнөктөшү. 2017-жылы Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке орноштурууда алардын укугун коргоого алгач кадам жасалган болчу. ЕККУ ошол иш-аракеттерди мындан ары да улантууда өнөктөш болот”, - деп айтты.