Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматка орноштуруу маселеси талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматында (мындан ары – МКК) 2019-жылдын 19-июлунда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын (мындан ары – ДСМЧА) МККнын жетекчилиги жана ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин өкүлдөрү менен консультациялык жолугушуусу өттү.

Жолугушууда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын интеграциялоо маселеси, инклюзивдик чөйрөнү алдыга жылдыруу, ДСМЧАнын бирдей укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоо, МККнын тестирлөө жайын ДСМЧАнын өзгөчө талаптарына ылайыкташтырып модернизациялоо маселелери талкууланды.

Директордун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев: «Тилекке каршы, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын эмгектик укуктарын теске салган ченемдер жок» деп белгиледи.

Бакытбек Сагынбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматка интеграциялоого колдоо көрсөткөндүгү үчүн ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисине ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын инклюзивдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча МККнын жолун жолдоочулугуна басым жасады.

Өз кезегинде, ДСМЧАнын өкүлдөрү: “Ушул өңдүү жолугушуулардын өткөрүлүшү – бул ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды мамлекеттик жана муниципалдык кызматка интеграциялоо үчүн маанилүү кадам болуп эсептелет” деп белгилешти.