Айбек Акмолдоев  Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамкомитетине  статс-катчылыкка сунушталды

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тууралуу» КР Мыйзамына, КР мамлекеттик органынын статс-катчысы тууралуу Жобосуна ылайык, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңеши тарабынан КРдин  Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамкомитетинин статс-катчысынын бош орунуна сынак жарыяланган.

Сынакка 14 талапкер катышып,  24-апрелдеги тестирлөөнүн жыйынтыгында 60%дан ашык балл алган 12 катышуучуга практикалык тапшырмадан өтүүгө уруксат берилген. Практикалык тапшырманын жыйынтыгында аңгемелешүүгө 6 талапкер жиберилген.

Кеңештин чечими менен  КРдин  Өнөр жайы, энергетика жана жер казнасын пайдалануу мамкомитетинин статс-катчысы кызматына Акмолдоев Айбек Кудайбергенович сунушталды.

«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат тууралуу» мыйзамга ылайык, аткаруу бийлигинин маморгандарынын статс-катчылары Кеңештин сунушу боюнча маморгандардын жетекчилери менен макулдашылып, Премьер-министр тарабынан 5 жумуш күнү аралыгында дайындалат.