Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Казакстан Республикасында 2019 – 2021-жылдарга карата магистратурага кабыл алуунун узартылгандыгы тууралуу билдирет

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы (мындан ары – МКК) төмөнкүнү маалымдайт: Казакстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары – Академия) Астанадагы Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү Регионалдык хабы жана Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы фонду менен биргелешип, төмөнкү билим берүүчү программалар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында 2019-2021-жылдарга магистратурага кабыл алууну жарыялайт:

1. «Мамлекеттик саясат» (мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта бир жылдан аз эмес стажы)

2. «Аймактык онугуу» (мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта бир жылдан аз эмес стажы)

3. «Адам ресурстарын башкаруу» (мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта үч жылдан аз эмес стажы)

4. «Эл аралык мамилелер» (тышкы иштер министирлигинде же эл аралык байланыштар бөлумдөрундө 2 жылдан аз эмес стажы)

Программада төмөнкүлөр каралган: виза алууга кеткен чыгымдар, эки тарапка авиакаттам, Академиянын жатаканасында жашоо чыгымдары, ошондой эле айлык стипендия төлөп берүү.

Толтурулган заявкаларды 2019-жылдын 8- июлуна чейин МККга тапшырууңуздарды суранабыз, ошондой эле заявкаларды Академиянын расмий сайтына онлайн берсе болот: http://www.apa.kz/ru/kak-postupit/.

Академиянын кабыл алуу комиссиясына тапшырылуучу документтердин тизмеси

Заявкалардын формалары