Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясында магистрлик программаны бүтүргөн бүтүрүүчүлөргө диплом тапшыруу аземи болду.

2019-жылдын 10-апрелде  фонд Ханн Зайдель менен биргеликте КРдин Президенттине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясы магистирлик программада “Менеджмент” багыты боюнча билим алган мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштеген бүтүрүүчүлөргө диплом тапшырышты. Сыйлоо аземине КРдин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары Олег Тарбинский, Борбор Азиядагы  Ханн Зайдель фондунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер, Мамлекеттик башкаруу боюнча Бавария мектебине караштуу мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо институтунун директорунун орун басары Раймунд Хелфрих, КРдин Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев жана КРПМБАнын окутуучулар жааматы , магистирлик программанын стипендианттары катышты. Бул программа мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында уюштурулуп, биринчи жолу дистанттык түрдө 22 бүтүрүүчү бүтүрдү, анын ичинен Тагжан Айдаралиева аттуу бүтүрүүчү артыкчылык  диплому менен аяктады. Ошону менен бирге бүтүрүүчүлөргө жетекчилик тарабынан каалоо-тилектер айтылып, алган билимин мамлекеттик жана муниципалдык кызматта туура пайдаланышын баса белгилешти.