Мамлекеттик кадр кызматынын Тестирлөө борборунун Оштогу филиалында Улуттук кадрлар резервине боло турган сынактык тестирлөө этабы болуп өттү

2019-жылдын 27, 28-март күндөрү Мамлекеттик кадр кызматынын Тестирлөө борборунун Оштогу филиалында Улуттук кадрлар резервине боло турган сынактык тестирлөө этабы болуп өттү.

Жалпысынан республиканын түштүк аймактары боюнча аталган сынакка берилген арыздардын 152 уруксат берилген, алардын 67 – Улуттук резервдин жогорку кызмат орундарына, 85-башкы кызмат орундарына.

Жогорку кызмат орундарына 44 адам катышып, 18 талапкер тийиштүү упайга жетишкен.

Ал, эми Улуттук резервдин башкы кызмат орундарына 53 талапкер катышып, 13 чү Жободо көрсөтүлгөн 70 пайыздык көрсөткүчтөн өтүп сынактын кийинки этабына жолдомо алуунун алдында турушат.