КР МКК директору Япон мамлекетинин жогорку окуу жайларынын профессорлору менен  JDS программасын ишке ашыруу алкагында жолугушту

КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында КР МКК директору “Стипендия менен камсыз кылуу жана кадрларды даярдоо” (JDS) программасын ишке ашыруу алкагында  Япониядан  окуп келүү үчүн тапшырып жаткан талапкерлер менен аңгемелешүү максатында келишкен Япон мамлекетинин жогорку окуу жайларынан профессорлору менен жолугушту. Учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин Япон өлкөсүндө окутуу боюнча 13-жолку группасын топтоо иши жүрүүдө.

МККнын жетекчиси Акрам Мадумаров Япон мамлекетинин Өкмөтүнө  JDS билим берүү программасынын алкагында КРдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине  кайтарымсыз жардам берип жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар JDS программасынын Кыргыз мамлекети,  ошондой эле 2019-2020 – окуу жылына тандалып алынып жаткан конкурстун катышуучулары үчүн   мааниси тууралуу пикир алышты.

Жакынкы күндөрү аңгемелешүүнүн жыйынтыгын Комиссия кабыл алып, JDS программасынын алкагында билим алуу үчүн жөнөй турган талапкерлерди аныктайт.

Жолугушуунун аягында тараптар Япон мамлекетинин жогорку окуу жайларынан окуп билим алып,   Кыргызстандын өсүп-өнүгүүсү үчүн кызмат кыла турган жарандарды тандоодо кесипкөй таланттуу жаштардын иргелиши зарылдыгын белгилешти.

КР МККнын директору Акрам Мадумаров Япон профессорлоруна  JDS программасына кабыл алуудагы техникалык аңгемелешүү ийгиликтүү өтүшүн каалап, мамлекетик жана муниципалдык кызматкерлердин эң татыктуулары тандалып алына тургандыгына ишеним артты.