Мамлекеттик кадр кызматы  жана ЕККУ мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды мамлекеттик кызматка тартуудагы маселелерди талкуулады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин программалык Элчиси доктор Пьер фон Аркс менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат алкагында  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын укуктары  тууралуу маселелерди биргелешип чечүү жаатында талкуу жүргүзүштү.

МККнын жетекчиси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында  ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эмгекке болгон укуктарын жөнгө салган норманын жоктугун өкүнүү менен белгиледи.

ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин Элчиси Пьер фон Аркс ЕККУнун Программалык кеңсеси КР МКК менен бир нече багыттар боюнча кызматташууга: МККда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тестирлөө сынагына катышуусу үчүн бөлмө түзүүгө, алардын абалына ылайыкталган ваканттарды иштеп чыгууга, квалификацияларын жогорулатууга МКК менен биргеликте маселелерди чечүүгө даяр экендигине токтолду.

Өз кезегинде Акрам Мадумаров МКК КР мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматында инклюзивдик мамилени камсыз кылууну жөнгө салууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун аягында тараптар мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жаатында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эмгекке болгон укуктарын коргоодо биргелешиип иш алып барууга  үмүт артышаарын билдиришти.