Улуттук кадрлар резервинде тургандарга сертификаттар тапшырылды

Мамлекеттик кадр кызматында Улуттук кадрлар резервинде турган жарандар менен жолугушуу болуп, аларга сертификаттар тапшырылды.

МККнын директору Акрам Мадумаров 2018-жылдын башында Улуттук кадрлар резервине конкурс  өткөрүлгөндүгүн, ал конкурстан ийгиликтүү өткөндөр жогорку жана башкы кызмат орундарына талапкер катары Улуттук кадрлар резервине киргизилгендиги тууралуу маалымат берди.

Учурда кадрлар резервинде тургандарды мамлекеттик кызматтарга тартуу боюнча анализ жүргүзүлүп, мыйзамга өзгөртүү киргизилип, депутаттык демилге болуп, ЖК депутаттары мамлекеттик муниципалдык кызматтарга  дал ушул Улуттук кадрлар резервинен кабыл алуу боюнча  мыйзам долбоорун сунуштап, ал биринчи окуудан өткөндүгүн маалымдады жана катышуучуларды өз ой-пикир, сунуштары менен бөлүшүүгө чакырды.