Кызматкерлер үчүн тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Президентке карашту Мамлекеттик башкаруу академиясында жергиликтуу мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн жана жергиликтүү өзун-өзу башкаруу органдарынын жетекчилерин окутуу программасынын алкагында тренинг болуп өттү. Анда Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга өнүгүүсүнүн улуттук стратегиясы, аймактарды өнүктүрүү боюнча  мамлекеттик саясатты ишке ашыруу чаралары, «Санариптик Кыргызстан» улуттук программасы жана тренинг боюнча жалпы инструкция темаларында окуулар өткөрүлдү.

Тренингге Мамлекеттик кадр кызматынын диретору Акрам Мадумаров, Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров, КР Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев катышып сөз сүйлөштү.