Мамлекеттик кадр кызматы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен кызматташтык боюнча меморандумга кол койду

2018-жыдын 30-октябрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Еразмус + программасынын “ROAD ” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосунда өз ара түшүнүү жана университеттерде  түзүлгөн борборлорду пайдалануу меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын статс-катчысы Б.Э.Сагынбаев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын Түштүк аймактык өкүлчүлүгүн жетекчиси А.Б.Аккозиев жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору К.Ж.Усенов катышып, тараптар биргелешкен долбоорду чогу ишке ашырууну, ошондой эле мындан ары өз ара кызматташуу боюнча пландарды талкуулашты.

 Меморандум беш тараптуу болуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Жалал-Абад мамлекеттик университети, К.Тыныстанов атындагы Ыссык-Көл мамлекеттик университети, И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети жана Capacity Bilding консалтингдик компаниясынын ортосунда түзүлгөн.