Улуттук кадрлар резервинен Финансылык чалгындоо кызматынын статс-катчысы дайындалды

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин сунуштамасынын негизинде чыгарылган буйрукка кол койду. Бул буйрукка ылайык, Чынгыз Кененбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысы болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын статс-катчысынын бош кызмат ордун ээлөөгө конкурс Улуттук кадрлар резервинде турган адамдардын арасында өткөндүгүн белгилеп кетүү керек.

Бүгүнкү күнү мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө Улуттук кадрлар резервинде квалификациялык талаптарга ылайык келген 22 резервдегилер бар.