Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин алдындагы Соода-экономикалык маселелер боюнча канцеляриянын өкүлдөрү менен жолукту

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин алдындагы Соода-экономикалык маселелер боюнча канцеляриянын Кеңешчиси Сунь Хэ мырзанын Кыргызстандагы миссиясы аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров аны кабыл алды.

Акрам Мадумаров жолугушуунун катышуучулары менен жылуу саламдашып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн Кытай Эл Республикасынын Канцеляриясына ыраазычылыгын билдирди жана Канцеляриянын жаңы башчысы Ли Юе мырзаны куттуктады.

Тараптар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү максатында кызматташты мындан ары улантууга даяр турганын билдиришти.

Бейлигей кетүүчү нерсе, 2018-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына мамлекеттик иш сапардын жүрушүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы менен Кытай Эл Республикасынын Эл аралык өнүгүү жана кызматташтык мамлекеттик агенттигинин ортосунда адам ресурстарын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кызматташтык боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

 

Маалымдама: Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги Кыргызстандын кызматчыларына Кытайдын ар түрдүү тармактарында, анын ичинде экономика, мамлекеттик башкаруу жана айыл чарба чөйрөсүндө алдыңкы тажрыйбасын изилдөө үчүн мүмкүндүк берет. Жалпы жонунан 2013-жылдан тартып 2018-жылдын октябрына чейин Кыргыз Республикасынын тармактык министрликтеринин жана мамлекеттик ведомстволорунун 996 адиси катышкан 168 семинар өткөрүлдү, анын ичинде 2018-жылы Кыргыз Республикасынын 332 кызматчысы окутулду.