Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясында 2018-жылдын 11-12-октябрында Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы офисинин колдоосу менен уюштурулган эки күндүк семинар өткөрүлдү.
Семинарды Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров ачып, Кореянын тажрыйбасын иликтөөнүн жана мамлекеттик кызмат чөйрөсүнө киргизүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде, Бийликтин жергиликтүү органдарын өнүктүрүү институтунун директорунун орун басары Пак Кёнг Бэ мырза Өкмөт талыкпас эмгектенип, адам ресурстарын башкарууга карата туура көз караштары болгондугунун натыйжасында Түштүк Корея экономиканын ар түрдүү тармактарында алдыңкы позицияларды ээлегенин белгиледи.
Семинардын жүрүшүндө кызматчылар суроолорду берип, жоопторду жана сунуштарды угушту.
Сайтка бүгүнкү күнү киргендердин саны: | |
Сайтка бир айдын ичинде киргендердин саны: | |
Киргендердин баардыгы: | |
Каттоо: |