Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровдун Түштүк Кореянын Жергиликтүү бийлик органдарын өнүктүрүү институтунун өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү

Мамлекеттик кадр кызматынын директору түштүк кореялык делегацияны жылуу тосуп алуу менен Кореянын эл аралык агенттигинин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын дараметин жогорулатууга кошкон салымын белгилөө менен Жергиликтүү бийлик органдарын өнүктүрүү институту менен кызматташтыктын жемиштүү болооруна үмүттөнүп жаткандыгын билдирди.

Өз кезегинде, Жергиликтүү бийлик органдарын өнүктүрүү институтунун директорунун орун басары Пак Кёнг Бэ мырза адам ресурстарын башкаруу чөйрөсүндө Кореянын тажрыйбасы менен алмашууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушууда кызматташтыктын алкагында эки тараптуу биргелешкен үч жылдык долбоорлорду ишке ашыруу жана келечектеги пландар тууралуу маселелер талкууланды. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өнүктүрүү максатында биргелешип иштөөгө даяр экендигин баса белгиледи.