ГОСУДАРСТВЕННАЯ КАДРОВАЯ СЛУЖБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

МКК жана ЕККУ мамкызматтагы ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды интеграциялоо боюнча эки тараптуу келишимге кол койду

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Бакытбек Сагынбаев менен ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси, элчи Пьер фон Аркс мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы  ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын  укуктарын коргоого багытталган иш-аракеттердин  2019-жылдагы кызматташтык Планына кол коюшту.

Өз ара кызматташуу Планы ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын катышуусунда сынактарды өткөрүү үчүн Тестирлөө борборлорун материалдык жана техникалык жактан модернизациялоону, бош кызмат орундарына тестирлөөдөн өтүүгө ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге окуу куралдарын иштеп чыгууну, майыптар арасында сынактарды өткөрүүгө маморгандардын кызматкерлерин окутууну камтыйт.

МККнын жетекчиси элчиге ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктук жактан өсүшү үчүн Мамлекеттик кадр кызматы көтөрүп жаткан демилгени колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз мезгилинде, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин жетекчиси элчи ПЬЕР фон Аркс кеңсе МККга колдоо көрсөтүүсүн жана мамлекеттик кызматка ден-соолугу жактан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды интеграциялоону улантарын айтты.