ГОСУДАРСТВЕННАЯ КАДРОВАЯ СЛУЖБА КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Олег Тарбинский, МККнын директорунун орун басары:  Мамлекеттик кызматкер  карьералык шатынын  бардык  тепкичтерин басып өтүүгө тийиш

Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары  Олег Тарбинский  кадрларды мамлекеттик кызматка алуу жана  Улуттук резерв деген эмне экендигин чечмелеп берди.







20-феварлда  Улуттук резервге кабыл алуу үчүн конкурска документтерди кабыл алуу бүттү.Жаңы эрежелер боюнча алгачкы жолку кабыл алуу  өткөн жылы жүргүзүлгөн болчу.

Спутник Кыргызстан радиосуна берген маегинде  Олег Тарбинский  Улуттук резервге кабыл алуунун  принциптери тууралуу  айтып берди. Анын айтымында, Улуттук резерв жакындан бери  жаңы форматта иштей баштады. Эки жыл мурда ал башкачараак болчу. Улуттук резервге каалагандардын баары, атүгүл кызматынан кыскарып кеткендер да ат салыша алчу.”Мезгилдин талабына жана  мамлекет башчыбыздын  каалоосуна ылайык, биз Улуттук резервди чындап элитардык кылгыбыз келет, эки жылдан бери талапкерлерди кылдат иргеп жатабыз.Өткөн жылы 815 киши арыз берип, алардын арасынан болгону 35 киши өткөн.Бир жылдын ичинде  Улуттук резервден  болгону үч гана киши кызматка дайындалды.Бирок, бир министрликтин, каржы чалгыны кызматынын статс-катчысы сыяктуу өтө жооптуу кызматтарга.Дагы бирөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча  мамагенттикке ишке орношту ” -деди Олег Тарбинский.

Директордун орун басары азыр парламентте депутаттардын демилгеси менен  мыйзам долбоору эки окуудан өткөнүн, ага ылайык,  Улуттук резервде турган  кадрлар кызматка  өзгөчө тартипте дайындалаарын кошумчалады.

 Катардагы кызматтар жөнүндө токтолуп, Олег Тарбинский  Кыргызстанда эки: ачык жана жабык система бар экенин  билдирди.Башкача айтканда, кызматынан жогорулоого  мекемеде буга чейин иштеп келгендер да, ачык конкурстан өткөн талапкерлер да үмүт кыла алышат.МККнын директорунун орун басарынын айтымында, мамлекеттик кызматкер  карьералык шатынын бардык тепкичтерин басып өтүп, чыныгы кесипкөйгө айлансын үчүн  келечекте Кыргызстанда жабык системаны гана калтыруу пландаштырылууда. “Конкурстан  эң мыктылар гана өтүүгө тийиш.Себеби, чиновник кесипкөй болбосо  ал калкка  көрсөткөн  кызмат да төмөн болот”-деп жыйынтыктады Олег Тарбинский.

(Sputnik Кыргызстан радиосу)