Кадр кызматынын кызматкерлери мамлекеттик органдардын статс-катчыларын жана аппарат жетекчилерин окутту

КРнын  Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу максатында  окутуу семинарларын  өткөрдү.  Бул семинар 72 саатты түзүп,  “Мамлекеттик  жана муниципалдык кызматта адам ресурстарын башкаруу механизмдери”, - деген темада  мамлекеттик заказдын алкагында ишке ашты.

Семинардын программасы  мамлекеттик кызматка орношуу, аны өтөө , сынактарды өткөрүү, кызматчылардын ишмердүүлүгүн баалоо, адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык системасын жайылтуу,  кадрлардын ички жана улуттук  резервин түзүү, карьералык өсүү, класстык чендерди ыйгаруу маселелерин камтыйт.

Семинарга 25 мамлекеттик органдын статс-катчылары жана аппарат жетекчилери катышышты. Ага ТИМдин Дипломатиялык академиясынын окутуучулары менен бирге КРнын Мамлекеттик кадр кызматынын кызматкерлери катышышты.